
Гүл төлгөгө ишенесизби!
18.05.2025Гүл төлгөгө ишенесизби!
Өсүмдүк, анын ичинде гүл адамдын өзүн жакшы сезүүсүнө, эмоциясына жана маанайына таасир этерине ишенгендер аз эмес, чынында. Ал тургай ар бир жылдыз өкүлүнүн жан дүйнөсүнө жага тургандай гүл төлгөсү да бар. Жөндөн-жөн эмес, гүл белек адамга жакшы эмоция тартуулайт, шыктандырат, кубат берет. Ырас, гүлдестени бергенде мындан ары жылдыз белгисине карап тандап алсаңыз, алган кол да кубанат.
- ОТ стихиясындагы жылдыз өкүлдөрү үчүн гүлдесте

Beautiful purple Orchid Phalaenopsis flower
Эреже боюнча От стихиясына Кой, Арстан жана Жаачы жылдыз белгиси таандык. Аларга бирдей таандык сапат: эрки күчтүү, максаттуу болушат, баштаган иштин аягына чыгышат.
*Кой-адамдарга роза, орхидея жана лилия туура келет. Аталган гүлдөр байлык жана сүйүү чакырат. Ал эми жаман сөздөн, ичи тардын кылыгынан ромашка, хризантема гүлү коргойт.
*Арстандарга гүлдөн белек тандап жатканда георгин, гладиолус жана пионго басым жасалат. Сарысын алгандан чочулабаңыз. Үч гүл алар үчүн акча чакырат, каржы каатчылыгын сезишпейт. Орхидея менен жоогазынга акча коротпоңуз.
*Жаачыларга эмоционалдык туруктуулукту, жаңы идеяларды флокс, лилия, гвоздика жана крокус тартуулайт. Сабагы узун, гүлү ачык болгон туура.
ЖЕР стихиясындагы жылдыз өкүлдөрү үчүн гүлдесте

Жер балдары: Букачар, Бийкеч жана Текечер – өжөрлүгү, эмгекчилдиги, ишенимдүүлүгү менен айырмаланат. Алар жан дүйнөсү жактырган иштин өтөсүнө чыга билишет. Жаңы нерсени үйрөнгөнгө дилгир.
*Букачарларга ландыш жана лилия бакыт, ал эми кызгалдак менен роза ийгилик чакырган тумардай. Мындан тышкары алар кооздукту жакшы көрөт, ошондуктан, гүлдестенин жасалгасына өзгөчө көңүл буруңуз.
*Бийкечтер бардык жерде: үйдө да, жумушта да, жан дүйнөдө тыкандыкты камсыздай алат. Алар баарынан мурда токтоолукту, тазалыкты чагылдырган ачык түстү жактырат. Ал үчүн астра, назик фрезия тумардай эле.
*Текечерлерге ички мүмкүнчүлүгүн ачууда, кандай кырдаал болбосун бекемдигин карманууда гүл төлгөдө жоогазын, лилия, ак георгинди сунуштайт.
- АБА стихиясындагы жылдыз өкүлдөрү үчүн гүлдесте

Аба стихиясына: Эгиздер, Тараза жана Суупери. Үчөөнү тил табыша билгендиги, эпчилдиги, кандай жагдай болбосун көнүп кете алгандыгы, башкалардын пикирине байланбаган эркиндиги бириктирип турат.
*Эгиздер эмнегедир орхидеяга кызыкпайт, ромашканы чөп чай катары пайдаланат, белек үчүн альстромерия, цинния жакшы.
*Таразалар үчүн фиалка, астра финансылык байгерчилик чакырат, баштаган ишинде ийгилик алып келет. Гладиолус жана ирис бактылуулуктун символу.
*Сууперинин жакшы күнүн куттуктап жатып, ага нарцисс, орхидея белекке берсеңиз, көңүлү көкөлөйт. Билесизби, туура тандалган гулдесте алардын алсыз жактарын күчтөндүрөт: өзгөрмөлүү, ишке болгон ыкшоолугун, чырга жакындыгын азайткан.
- СУУ стихиясындагы жылдыз өкүлдөрү үчүн гүлдесте

Суу стихиясынын өкүлдөрү: Балык, Бөйөн, Чаян – табышмактуу, сырдуу келишет, ички күчтүү сезимдин үзүрү каркасында алдын ала билгичтиги бар. Алар абдан сезимтал, назик жана ишенчээк.
*Абдан жапакеч Бөйөн үчүн назик гүл назик өңдө болууга тийиш: ландыш, нарцисс, коңгуроо гүл. Пион менен гвоздика алып барып таарынычын ойготуп албаңыз.
*Күчтүү жана эрктүү Чаяндын мүнөзү да оңой эмес, анын көңүлү үчүн бегония, роза, азалия туура келет.
*Романитикалуу сезимдерге бай Балыктар фиалка менен фрезияны тандашат, гербер менен кубанта албайсыз. Жасалгасы алтын түсо болгонду тандаңыз.
Булак: Bulut News.KG

