Мураталы Тагаев “Апам ченеми жок асыл жан”

Мураталы Тагаев “Апам ченеми жок асыл жан”

18.05.2025 Выкл. Автор bulut.kg

Мураталы Тагаев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу токой кызматынын директору:

“Апам ченеми жок асыл жан”

 

Кайсыл жумуш болсо да баш тартпай жасап, кайсыл кызмат болсо да жан үрөп, чын дилден иш алып барган Мураталы Абдыкарович менен чын дилден баарлаштык…

– Мураталы мырза, бал татым балалыкты эңсебеген жок болсо керек, ээ…

– Балалык кез көз ирмемчелик бат өтүп кетет тура. Улам жылдар өтүп, балалыктан алыстагандан алыстаган сайын негедир сагынып артка кылчаят экенсиң го… Жете албаганың менен жүрөктүн бир бурчунда жылуулук тартуулаган кол жеткис эңсөө сакталып калат тура балалык деген… Өзүмдүн балалык чагым жөнүндө айтчу болсом, Сузак районунун Барпы айылында чоңойдум. Бала бакчага да ошол айылдан барып, орто мектепти деле өзүм бой тарткан эле айылдан аяктадым.  Биздин бала кезибизде заман такыр башкача болчу десем да болот. Себеби биз Союздун тарбиясын алып бой жетип калган жаштардан элек. Ал кездеги айылдын, коңшу-колоңдун, тууган-уруктун, айылдаштардын ынтымагы башкача эле. Айыл жеринде совет доорунда тарбияланган башка жаштардай эле мен да эмгекке бышып бой тарттым. Адырга чыгып мал багып, талаага чыгып кетмен чаап, орок оруп, чалгы чаап, айтор жигитке тиешелүү жумуштардын баарын жасап эр жеттим.

– Окуучулук кездеги бактылуу көз ирмемдерден эске салсаңыз…

— Окуучу кезден башталгыч класстарында  мен “Манас” айтчумун. Кароо сынактарга да катышар элем. Эми биздин окуучу кезде азыркыдай бардык нерсе даяр, жеткиликтүү эмес эле да. Апамдын чыгармачылыгы менен кадимкидей эле чайдын ичинен чыккан жылтырак кагаздан (ал мезгилде жылтырак кагазга оролчу эле чайлар) ар кандай оймо чийме жасап, менин костюм-шымыма кооз кылып жабыштырып берчү эле. Мен эле эмес, башка балдар-кыздар деле шартыбызга жараша эле кийинчүбүз. Бирок кароо-сынактар өтө шаңдуу өтчү. Биздин доордун жагымдуу көрүнүштөрүнүн бири октябрят, пионер болдук. Слётторго катыштык, лагерлерге бардык. Пионерлердин кружогуна катышып, барабан чертчү элем. Кыскасын айтканда, окуучулук күндөр балалыктын алтын доору болот тура. Телегейибиз тегиз, кийимдерибиз окшош эле мектепте. Келечек пландар чоң. Астыга койгон максаттар арбын эле…

— Бала кезде эңсеген пландардын  канчасы ишке ашты…

— Жаштын тилегин берет деп бекер жерден айтылбаса керек.   Мен 9-10-класстан баштап кыялданчумун. Эли-журтума мамлекетиме кызмат кылсам деген балалык  кыялдар бар эле. Экинчиден, ата-энем, айыл аксакалдарынын ак батасы тийди деп ойлойм. Ар дайым мени алкап, ак батасын берип турушчу эле. Балалык ниеттерим орундалып, ак батасы тийип элдин кызматында жүрөм деп ойлойм.

Эмгек жолумду жөнөкөй кызматкерден баштадым. Мамлекеттик кызматта көп жылдардан бери иштеп келе жатам. Кудай буйруса, мындан ары дагы ошол мамлекетке, элибизге кызмат кылсак дейм.

  • Жакында Энелер күнүн мамлекеттик деңгээлде белгилегени турабыз. Асыл адамыңыз апаңыз жөнүндө кеп салсаңыз…

Апам жөнүндө айтып берүү мен үчүн сыймык! Апам ченеми жок асыл жан. Бизди мээрим төгүп өстүрдү. Күлсөк кошо күлдү, ыйласак кошо ыйлады, оорусак кошо ооруду. Тан атканча бешик терметип алдей ырын айтты. Апамдын бизге жасаган эмгеги зор.  Кудайым өмүрүн узун кылсын. Бул жалган дүйнөдө уул катары апамдын ак сүтүн, атамдын ак мээнетин актасам экен деп тилеп келем.

Апам чынчыл, калп айтканды жаман көрөт. Аябай мээнеткеч, эмгекчил. Жалкоолукту жек көрөт. Балдарым дегенде жанын аябайт. Андан сырткары чечкиндүү, тырышчаак, сыйчыл касиеттерин баалайм.

  • Эне бар кезде балалыктан айрылуу жок дешет. Сиздин пикириңиз…
  • Туура айтылган кеп, ата-энең бар бактың бар дешет. Эң чоң байлыгым – ата-энем. Апам менен кээде сырдашам. Апамды жоготуп алгандан корком. Сырткы келбет баары бир жашыбызды ченеши мүмкүн, бирок жүрөгүбүздө өзүбүздү жаш сезебиз. “Энелүүлөр картайбайт” деп айтышат, көрсө, энеси барда ал канча жашка чыкпасын “балам” дейт турбайбы…
  • Жигит киши апасына окшош жубай издешине ишенесизби…
  • Нике кайып дешет. Балким, бул сөз да жөн айтылбаса керек. Тандоом менен студент мезгилибизде үйлөндүк. Бүгүнкү кезге чейин бирге түтүн булатып балдарды өстүрүп келе жатабыз. Биз он тогуз жашыбызда эле үйлөндүк. Келгенден эле  апамдан турмуштун өйдө-ылдыйында кеңешип-кесип чечишти, тарбиядан улам жашоодо күчтүү аялзаты десем жаңылбайм. Апамдын тарбия алган үчүнбү, албетте, апама окшош жактары да бар…
  • Бактылуу күндөр эмес, бактылуу көз ирмемдер эсте калат дешет..
  • Бир окуя жарк эте эске түштү да… 9-10-класста болсом керек. Өз күчүбүз менен чоң атам бөлүп берген жерге үй курганбыз. Ал үй бүгүнкү күнгө чейин бар. Атам беш-алты бөлмөлүү чоң үйдүн кирпичин өзү койду. Апам кирпич ташыды, а мен болсом ылайын даярдап кол кабыш кылдым. Бүт курулуш иштерин атам өз колу менен жасады, балким, өз үйүн өз колу менен кургусу келгендир же каражат тартыш болгондур – ал жагын бала болуп мен билбей калдым. Ошол үй тургузуп жаткандагы көз ирмемдер дале эсимден кетпейт. Башкача эле да. Үйүбүз абдан сапаттуу курулган. Дале бар. Айылга барган сайын көзүмө жакшы, жан дүйнөмө жакын көрүнө берет.

 

Космира НЫЯЗБЕКОВА