
Русланбек Жакышов“Апамды сагынам»…
17.05.2025Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты: “Апамды сагынам…”
Ар дайым шар жүргөн, өз пикирин ачык айтып ак сүйлөгөн Руслан Шергазиевичти иш тууралуу эмес, майрам алдында апасы жөнүндө маекке чакырдык…
-Руслан мырза энелердин майрамын утурлай, апаңыз жөнүндө кеп салып берсеңиз…


— Апам жөнүндө майрамда гана эмес, ар дайым кеп салып, эстеп туруудан тажабайм. «Апам жапкан нанды сагынам» деген ыр бар эмеспи. Ошол ыр жөн жерден жазылбаса керек деп ойлоно берем… Мага окшогон апасы өтүп кеткен бирөө апасын сагынып куса болгондон жазганбы деген ойлорго жетеленем. Ар бир учурда апам жанымда жок болгону менен карегимде катылып, жүрөгүмдө жашап, сагындырып турат. Апамды кадимкидей жаш баладай сагынам. Апамдын көң калап бышырган нанынын жыты бир укмуш эле. Биздин үй-бүлө чоң эле. Ошондуктан чоң казан асып, гүлчөтай бышырчу. Отко бышкан гүлчөтайдын даамы бир башкача, тамшанып жечүбүз. Чоң казанга балыкты боорсоктой кызарта кууруп бергеничи… Апамдын ар бир жасаган тамагынын даамы дагы деле оозумда тургандай сезилет…
— Жогоруда ыр тууралуу айтып кеттиңиз… Апаңызга арнап ыр жаздыңыз беле…
— Мен негедир ыр жазууга шыктуу эмесмин. Апама арнап ыр жаза алган жокмун, бирок апам ыр уксун деп, көпчүлүк учурда жумуштан бошобой калганда келинчегим апамды концертке, “Сармерденге” үзбөй алып барып турчу. Апам өзү ыр жандуу эле, мен апама ыр жазбаганым менен апам мага арнап ыр жазып, ырдап калганы эсимде…
— Кокусунан энелер жөнүндө кеп козголгондо кандай сезимге кабыласыз…
— Эне деген сөздү укканда эле менде апама болгон кусалык, сагынуу сезими козголот! Энем – ыйыгым, энем – бейишим! Энемдин ак сүтүн актай алдымбы, татыктуу уул болдумбу деген сыяктуу көп суроолорго ар дайым кептелем… Ар убак апамдын айткан насааттарын жашоомдо да пайдаланууга тырышам. Бул жашоодо кандай адам болсом, кандай гана ийгиликтерди багынтпайын, кандай ийгиликтерге жетсем да апамдын тарбиясы, таасири, батасы менен жеттим деп ойлойм.
-Апаңызга эң алгач берген белегиңиз эсиңизде барбы…
— Аны кантип унутайын. Эң алгачкы белегим гүлдүү жоолук болчу. Апам аябай жетине албай кубанган. Апамды көрүп, мен да кубанганым эсимде. Азыр ойлоп көрсөм, жоолукка эмес, мен акча таап адам катарына кошулганыма кубанган тура…
— Кандай мүнөздөмө жазмаксыз…
— Мен апамдын бардык сапатын баалачумун. Бала үчүн жаман эне болбойт деп айтылат, анын сыңарындай менин апам кемчиликсиз болчу! Апам кайраттуу, сабырдуу, боорукер, чечкиндүү, иштерман, даанышман, камкор, жапакеч, боорукер, көрөгөч аялзаты болгон. Апам менен сыймыктанып, сыймыктуу уулу болсом деп тилечү элем…
— Эненин көп мүнөзү балага сүт менен өтөт дешет…
— Аныңыз туура. Негизи менин түспөлүм апама окшош, ал эми мүнөзүбүздөн менде апамдын чечкиндүүлүгү жана намыскөйлүгү бар. Апам шар жүргөн адам эле, атамдан эрте жесир калып, эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун аткарып деле бир жолу чарчадым деп наалычу эмес. Наалыгандарды да жактырчу эмес. Өжөрлүгүмдү да апама окшоштурам…
-Унутуу мүмкүн эмес, чынында…
— Күнүгө эле эстейм. Ар бир намазымда ата-энеме куран окуп бата тилейм. Жакшылык болгон учурда апам төрүбүздүн көркү болуп отурса болбойт беле, биз жеткен ийгиликке, бийиктикке күбө болуп маңдайы жарыла кубанса эмне деген өксүк болбой койбойт. Апам биз деп жаштыгын, бүт өмүрүн арнады. Башкалардын апасын көргөндө, менин да апам узак жашаса болбойт беле деп арман кылам…
— Тентектик кылып көңүлүн ооруткан учурлар болду белее…
— Албетте, тентектик кылган учурларым көп эле болду, Бирок тентек кылгандан да, башкаларга атаандашып, балалык баео сезим менен башка балдар эмне алса, мага да ошондой алып бересиң деп кыйнаган күндөрүмдү эстесем азыр өкүнүп кетем. Бала кезде ар бир бала башынан өткөрчү эркелик мүнөз болсо керек. Апам бир да жолу ал кылыгыма капа болгонун эстей албайм. Бой жеткенде апамды аяп, колумдан келишинче жардам бергенге, жеңилин жерден оорун колдон алганга тырыштым…
— Эр жигит апасына окшош жубай издейт дешет…
— Түгөй тандоодо апама келини эмес, кызындай болсо экен деп ниет кылгам. Апам ар убак “балам, үй-бүлө деген бул кичинекей мамлекет, андыктан тугөй тандоодо жаңылба, ыйманына, түшүнүгүнө кара, улуулар чын айткан “алганың жакшы болсо – жакаң агарат, алганың жаман болсо – чачын агарат” деген кеңешин айтчу. Кудайга шүгүр, жубайым апамдын оюндагысын айттырбай билип турду, эч качан кайнене-келиндей болушкан жок, эне-баладай мамиледе болуп, апама болгон сый-урматын көрсөттү.
-Бул жашоонун маңызы эмнеде деп ойлойсуз….
— Менин жеке пикиримде, бул жашоонун маңызын ар бир адам өзүнүн көз карашы менен баамдап, туйса керек. Бир келген өмүрдө жашоосун татыктуу жашап өтүүгө аракет жасоого тийиш. Жеке жашоосун эле ойлоп, керт башынын камын көрбөй, Жаратканга шүгүр келтирип, эл-жер, мекенге кызмат кылып, үй-бүлөдө ордун табуу, коомго пайдасы тийген мыкты балдарды тарбиялоо деп түшүнөм.
Апасы жөнүндө толкунданып, бирде көзүнө жаш чайып апасына болгон кусалыгы сөзүнөн, көзүнөн билинип турган Руслан мырза менен жылуу коштоштум. Жакшы маектешүү болду…
Альбина ШАДЫБЕКОВА
Булак: КЕҢЕШ KG журналы

