Жээнбеков: Кыргызстанды мафия башкарган мезгил да болду

Жээнбеков: Кыргызстанды мафия башкарган мезгил да болду

17.03.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Өлкө башчы өз сөзүндө Курандан да мисалы келтирди.

 Кыргызстандын эли эгемен жылдарында үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрүн көрдү. Мамлекетти уюшкан кылмыштуу мафия башкарган да мезгил болду. Анын далилдери коомчулукка жете баштады. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков митинг учурунда билдирди.

Эскерте кетсек, учурда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат.

Президент Курандан мисалы келтирип, Кудайдан корккон коом — адамзат турмушундагы эӊ жакшы коом болот деп айтыларын эске салды.

Өлкө башчы ошондой таза, мыйзамды сыйлаган адилет коом курууга, жалпы эл Кыргызстандын эгемендиги үчүн курман болгон мекендештердин асыл максаттарын ишке ашырууга милдеттүү экенин белгилеп сөзүн жыйынтыктады.

Булак: sputnik.kg