ТУРУСКУЛОВ ФРАКЦИЯ ЛИДЕРЛИГИНЕН АЛЫНАБЫ?
18.09.2019Бабановдун бактысына эшек тепкенсип, ар дайым анын кадыр баркын билбей, сезбей, эшеги суудан “өткөнчөлөр” эле ээрчип алганы кызык эле болуп келет. Азыркы парламентте олтургандардын көпчүлүгү ушул Бабановдун арты менен саясатка келип; ал турсун бактылары ачылып ушул кезге чейин депутат болуп олтурушат. Аларды атабай эле коелу, элге баары белгилүү эмеспи. Акыры, алардын көбү Бабановду таштай качып, оор учурда колдоого келген жок.
Акыркы эле Рысалиевдин жасаган жоругу канчалык туура болгонун ким билсин, бирок Рысаливге пайда алып келмек тургай, өз мекендештеринин
жемесинен башы чыккан жок. Ага чейин Бабановдун башына түшкөн оор сыноодон паидалана коигон, эптүү Жыргалбек Турускуловдун аракети да жигиттике жатпаганы жакшы эле коомдо айтылып жүрдү. Акыры адилеттик жеңет окшобойбу, ошондой “арам” ойдо жүргөн бир топтордун
аракетине суу себилип, Бабановдун башы соггук иштен чыкпай жүрсө да, андайлардын айрымдарынан жараткан жазаа берип тазалап, калганынын катыгын өзү бере тургансып туру. Айрым уккан маалыматтарыбызга Караганда жакынкы аралыкта «Республика Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун фракция лидерлигинен алынып, анын ордуна аталган партиянын жаш, ишенимдуүү бир депутаты келээри айтылууда.
Булак:»Факты.кж»