Сапаргүл Абдинабиева: Тагдыр биздин күзүбүздү уурдады…
25.10.2019Маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева инстаграм баракчасына арманын, Уланга болгон кусалыгын жазып чыкты.
“Аялзаты бир саам гүл сыяктуу. Бир саам мөмөлүү бак сыяктуу. Бир саам бакча сыяктуу. Түркүн гүл, түрдүү мөмө- чөмө өскөн бакчанынын ажары жай айында ачылаары ырас. Сүйүүнүн да жаз, жай, күз, кыш деген мезгилдери бар билгенге. Биз экөөбүз, тагыраагы ал менин сезимиме ээлик кылгысы келген студенттик курак биздин жазыбыз эле. Ал эми мен аны жашоомдон бөлө албай, тагдырымды байлаган, анан экөөбүз биригип уулубузду сагынып күткөн айлар биздин жазыбыз боло турган. Мезгил эч качан ордун алмаштырбайт. Бирок тагдыр андай эмес экен. Тагдыр биздин сүйүүдөгү берекелүү күзүбүздү уурдады. Ал жайдан кийин күтүүсүздөн бизге кышты ыраа көрдү. Менин чакан аралымдагы, ал үчүн тигилген гүлдүү бакчамды жай саратанында кар басты. Үшүттү… Тоӊдурду… Ичиркентти. Кар алдында тоӊгон мөмөлүү бактын абалы кандай болсо, мен так ошол мөмөлүү бак сымал кар алдында, ызгаар алдында уулумду кучактап кала бердим…”, — деп жазды.
Эске салак, чыгаан иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлунда сууга чөгүп каза болгон.