Пархат Тулендыбаев ЖК депутаты: “Шайлоочуларыма берген убадаларды  актоого тырышам”

Пархат Тулендыбаев ЖК депутаты: “Шайлоочуларыма берген убадаларды актоого тырышам”

17.08.2020 Выкл. Автор bulut.kg

           Өлкөбүз көп улуттуу болгондуктан, Жогорку Кеңеште да башка улуттун өкүлдөрүнө орун берилген. Бүгүнкү маектешим Пархат Розымовичтин улуту уйгур. Уйгурлардын атынын 4-6-чакырылышта ЖКга депутат болуп шайланган. Мага маектешимдин өзү кыргыз болбосо да ак калпакты башына кийип, кыргызча сүйлөөгө аракет жасаганы, кээ бир “киргиздерге” окшоп кыргыз тилин чанбаганы жагат. Кайсыл учурда иш бөлмөсүнө баш баксам да жакшы маанайда тосуп алып,  түрдүү темада маектешет.

—          Баарлашуу таанышуудан башталат эмеспи. Биз да дароо сөзгө өтүп албай, окурманга өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз…

—          Мен 1960-жылы 4-июнда мурунку Фрунзе, азыркы эгемен Кыргызстаныбыздын борбор шаары Бишкекте төрөлгөм. Балалыгым  Чолпон-Ата шаарында өттү, ата мекенге кызмат өтөөдөн кийин менин эмгек жолум башталды. Үй-бүлөлүүмүн. Он эки баланын атасымын. Балдарыма колумдан келишинче мыкты, санаттуу тарбия берүүгө тырышам. Мен балдарымды өтө жакшы көрөм, алардын келечеги үчүн мүмкүн болушунча жакшы нерселерди жасоого тырышам. Спорт менен машыгышат, татыктуу билим алышына, келечекте өлкөбүздүн мекенчил жаштары болуп өсүүсү үчүн бүт аракетимди жумшайм.

—          Бала тарбиялоо сырынан бөлүшсөңүз?

—          Мен өзүм ислам динин тутунам. Беш маал намаз окуйм, орозо кармайм, мусулман баласынын бардык милдеттерин аткарып келем. Ал эми балдарыма болсо, исламга туура келген адал нан таап жешти, кыйналган адам көрсө жардам берүүнү, улуу-кичүүнү сыйлоону, мекенди сүйүүнү үйрөтөм. Ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт деп коёт эмеспи. Ата-эне канча баласы болсо деле кыйналбай бага алат. Мен балдарды багууда кыйналбай, тескерисинче, рахат алам. Кудайым баланы ырыскысы менен берет.

—          Алгачкы эмгек жолуңузду кайсыл тармактан баштадыңыз эле?

—          Менин эң биринчи эмгек жолумдун башталышы 1983-жылдарга барып такалат. Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек ) бөлүм башчы болуп иштеп баштагам.

          Жогорку Кеңешке депутат болуп келүүдөгү максатыңыз?..

—          Мен 4-6-чакырылышта депутат болуп келдим. Менин негизги максатым, мамлекетке пайдалуу мыйзамдарды жазуу.

—  Элдин айтымында ЖК депутаттары шайлоочулары менен жолугуудан качат дешет. Сиз шайлоочуларыңыз менен жолугушуп турасызбы?..

—   Башкалар үчүн жооп бере албайм. Өзүм тууралуу айтчу болсом,  мага ишеним көрсөтүп мени колдогон элим менен жолугуудан качпайм. Тескерисинче ар бир кварталда бир жолу (үч айда)  өзүм шайланган аймактагы акимдерди, айыл өкмөттөрдү чогултуп, кандай көйгөйлүү маселелер бар деп сурап, мыйзам чегинде жардам берип жеринде чечүүгө тырышам. Шайлоочуларымды чын жүрөктөн кабыл алам. Ар жумада коомдук кабылдамамда мага келген атуулдардын баарынын үнүн угам.

—          ЖКда көбүнчө кайсыл маселелерге токтолосуз?

—       Үй-бүлө маселелерине. Учурда өлкөбүздө үй-бүлө маселеси өтө татаалдашып кетти. Ар күнү ар кандай үй-бүлөлүк чырларды угуп-көрүп жатабыз. Мектеп, бала бакча маселеси,  муктаждарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, оорулууларга жардам берүү,  жумушчу орундарды түзүү, кыскасы социалдык маселерге токтолом. Шайлоочуларым, кайсыл багытта жардам сурап кайрылышса, чечүүгө жардам берем. Эгер андан да тагыраак айтсам, адамдын эркин өсүп- өнүгүүсүнө жана толук кандуу жакшы жашоосун камсыздаган шарттарды түзүүгө, анын ичинде социалдык коргоонун кепилдиги жана  балдарды колдоонун мамлекеттик деңгээлдеги өнүгүү жолуна багытталган суроолорго айрыкча көңүл бурам.

—       Мен билгенден Жогорку Кеңештин депутаттарынын коомдук кабылдамасы болушу керек. Бирок, учурда көпчүлүгүндө коомдук кабылдама деген жок экени айтылууда. Сиздечи, коомдук кабылдама барбы?…

—          Мен 4-чакырылышка депутат болгондон баштап эле, коомдук кабылдамам иштеп жатат. Мен депутат болбой калган жылдарда деле колдон келишинче элге жардам берүү иштери менен алектендим. Бизде юристтин кеңеши да бекер берилет. Коомдук кабылдамамдын дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү — 122.

—         Коомдук кабылдаманын канчалык зарылдыгы бар?

—          Менин жеке пикиримде,  сөзсүз керек. Себеби, ар бир шайлоочунун  Жогорку Кеңешке келип депутатка жолугууга шарты жана мүмкүнчүлүгү жок. Шарты болуп келген күндө деле депутаттын убактысы болбой кабыл албай калышы мүмкүн. Ошондуктан, коомдук кабылдама болсо,  депутат бош учурларында кабыл ала алат. Андан сырткары коомдук кабылдамада отурган жардамчыларына кат, арыз жана башка керектүү маалымат кагаздарды калтырса болот. Кыскасы кабылдама шайлоочулары менен депутаттын ортосундагы байланышты камсыз кылып, эл менен жакындан иштешүүгө жакшы шарт түзүлөт.

          Муктаждарга көп жардам бергениңизди угам…

—          Кышкысын муктаждарга көмүр берем. Жай сайын  эки жүздөй кишини ар жылы эс алганы Ысык-Көлгө алып барам.  Ысык-Көлдө көп жыл иштеп, ошол жакта  жеке менчик турак жайым бар. Муктаждарды өз үйүмө жөнөтүп турам. Ал жерде бардык шарт түзүлгөн.

Эгер сыр болбосо, Ысык-Көлгө эс алууга кимдер барат…

—          Эс алуу үчүн тизмеде жалаң бир тармактагы адамдар камтылбайт. Ар бир жаран эс алууга  укуктуу эмеспи… Мен эс алууга турмуш- шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим-жесир, же активисттерди жиберип турам. Бул жерде эч кандай саясат жок. Болгону, мусулмандык парзымды аткарып жатам деп түшүнөм.

—          Айыл жерине кандай көмөк көрсөтүп келесиз?

—         Негизи шайлоочуларымдын сураныч, талаптарынын орчундуу, актуалдуу бөлүгүн аткарууга аракет жасайм. Берген убадаларымды сөз жүзүндө калтырбай аткарууга тырышам. Көбүнчө элет жериндеги көйгөйлүү маселелердин бири электр жарыгы болуп саналат. Айылдарды жарыктандырууга демөөрчүлөрдү табам. Аларды милдеттендирип койбостон, эгер тыйыны жетпесе жанымдан кошом. Кыскасы колумдан келишинче иш алып барып жатам. Биз мыйзам чыгаруу бийлигинде болгондуктан, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, айылдык кеңештердин, айыл аймактардын натыйжалуу, келечектүү  демилгелерин мыйзамдуу колдоп берүүгө аракет жасайбыз. Мисалы: аймактарды өнүктүрүү мыйзамы, аймактарга  инвестиция тартуу мыйзамы, кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлдүн  экологиясын өнүктүрүү жана сактоо, салык жыйноо, турмуш- тиричиликтеги саркынды сууларды зыянсыз тазалоонун жаңы заманбап технологиясын жайылтуу, этап менен  Ысык-Көл областынын аймагындагы тазалоочу жайлардын жана суу чыгаруучу объекттердин курулушуна чыгымдалган каражаттарды  камсыздоо сыяктуу бир нече мыйзамдарды кабыл алууга жетиштик.

Альбина Шадыбекова

Булак: BULUT. KG