Курсан Асанов ИИМди маалыматтык айдында утуп алды
22.08.2019Ириде, Курсан Асанов жумуштан мыйзамдуу алындыбы, же мыйзамсызбы, кылмыш иши кандай негизде козголду? Кеп анда эмес. Маселенин маңызы коомчулуктун баасында. Бүгүнкү күнгө дейре эл арасында, дээрлик интернет булактарында Курсан Асановдун эрдигин мактагандар арбып, жумуштан алынганын, куугунтук болуп атканын саймедирешүүдө. Генерал да жөн жатпай, ИИМ менен маалымат айдыңында тирешип, аныгында утуп атканы анык. Атамбаевди үйүнөн алып чыгууда Курсан Асанов упай алып, өзүнө чоң пиар жасаганы белгилүү. Мындай ыңгайды баары эле пайдалана албайт, бул дагы талант…
БУЛАК: Азия Ньюс