Замирбек Мамасадыков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты:  “Элдин уулу болуу — чоң жоопкерчилик!”

Замирбек Мамасадыков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты: “Элдин уулу болуу — чоң жоопкерчилик!”

25.11.2023 Выкл. Автор bulut.kg

Бүгүнкү каарманым — өзү жаш болсо да алдына чоң максаттарды коюп, талыкпай эл үчүн ак кызмат кылууга бел байлаган мыкты эр азаматтардын катарын толуктаган  Замир мырза болмокчу.

— Депутаттын бал татыган балалык, окуучулук күндөрү бейиштин төрү болгон Кыргызстаныбыздын кайсыл жергесинде өттү?

-Менин балалыгым Шамалды-Сай шаарчасында өткөн. Шамалды-Сай шаарчасындагы №10 мектепте 8-класска чейин окуп, андан соң №2 мектепке которулуп, 11-классты 1998-жылы ошол жактан бүттүм.

-Мектепти бүткөндөн кийинки жол…

-1998-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтуна тапшырып, 2003-жылы аяктадым. Окуу жайды аяктаган соң дыйкан чарбада иштедим. 2006-жылы  БТА банкка жумушка орношуп,  2013-жылга чейин эксперт, алты жыл жетекчи болуп эмгектендим.

-Унутуп калууга мүмкүн эмес тема – ата-эне жана үй-бүлө…

-Сөзүңүздүн төркүнүн түшүндүм. Ырас, ата-эненин орду алмашкыс!  Атам Мамасыдыков Дүйшөалы, апам Тажикан жети баланы тарбиялап-өстүрүп, татыктуу билим берип, баарыбызды жогорку окуу жайга окутуп, ар кыл кесиптин ээси болуубузга чоң салым кошушту. Атам сельсовет жана башка мамлекеттик кызматтарда жетекчи болуп иштеген, эмгеги сиңген адам эле. Бейиши болсун өтүп кетти. Мен жакшы атанын уулу болгонума сыймыктанам.  Үй-бүлөдө жети бир тууганбыз. Үч уул, төрт кыз, үйдүн эң кичүүсү мен. Мен бала-чакам менен ата-энемдин колундамын. Эки эжем медицина тармагында, бир эжем билим берүү тармагында, бир агам мамлекеттик кызматтарда, бир агам бизнес тармагында, кыскасы, баарыбыз эл үчүн кызмат өтөп келе жатабыз.. Бир туугандар менен ынтымагыбыз бекем.

-Өмүр баяныңызда депутат болууга чейин айыл өкмөт болгонуңуз тууралуу кабардар болдук. Айыл өкмөттө иштеп жүргөндө кандай жетишкендиктерге ээ болдуңуз?

-Айыл өкмөт болуп турган учурда бир топ иштерди аткардык. Кыргызстандагы 453 айыл өкмөттүн арасынан биринчиликти алдык. Райондор аралык, областтар аралык мелдеште дайым биринчилкти ээлеп жүрдүк. Айыл өкмөттүн курамы билими, тажрыйбасы күчтүү кызматкерлерден турат. Айыл өкмөттүн депутаттары  да ар кимиси өз кызыкчылыгын көздөбөй, бардыгы биримдикте элдин кызыкчылыгын ойлогон мекенчилдер. Депутаттар, аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши, жаштар кеңеши биригип көп иштерди аткарганга жетиштик. Көптөгөн социалдык объекттерди курдук. Көчөлөрдүн 80-90%ы көрктөндүрүлдү, асфальт төшөлдү. Медицина тармагы, билим берүү тармагы, маданият үйү, жаштардын көйгөйү, кыскасы бардык тармактарда элдин көйгөйүн чечкенге аракетибизди жумшадык. Эл менен иштөө жоопкерчиликти жана билимди, тажрыйбаны, уюштуруучулукту жана чыдамкайлыкты талап кылары шексиз. Мен дайым элге ыраазычылыгымды билдирип, рахматымды айтып келем. Элибиз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган  биримдиги бекем, мээнеткеч, эмгекчил, баба дыйкан калк келет эмеспи.

-Жетекчилик кызматтан соң депутаттык кызматка келген турбайсызбы…

-Элимдин колдоосу аркылуу үч ирет Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайландым. Депутаттардын 100% колдоосу менен сегиз жыл айыл өкмөтү болуп иш алып бардым. 2012-жылы айылдык кеңешке депутат болдум. Мени бул кызматка элим эки ирет шайлашты. Кудай маңдайга жазган экен, шайлоодо Кыргызстандын жараны катары “Ыйман нуру” партиясынан талапкер болуп катталып, элдин колдоосу менен мандат алып, максаттардын жолун көздөй из чаап ишти баштадык.

-Балким орой угулар, бирок бериле турган суроо — Жогорку Кеңешке кандай максатта келдиңиз, ой-мүдөөлөрүңүз тууралуу ачык айтып берсеңиз…

-Айыл өкмөттө жүргөндө бир айыл өкмөттөн сыртка чыгып иштей албайт экенсиң, кошуна айыл өкмөттөргө жардам бере албайт экенсиң. Депутат болсом, жеринде пайда болгон көйгөйдү,  жогору жакка жетпей жаткан элдин үнүн жеткирген бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болом деген, эл үчүн күйүп, эл үчүн иштеп берем деген жакшы ниетим бар.  Максатым орундалып мандатка ээ болуп олтурам. Алдыма койгон эң чоң максатым — элим көрсөткөн ишеничти актап, кыргыз элиме пайдасы тийген, эл үчүн иштеп берген мыйзамдарды чыгаруу. Жазылган менен аткарууда иш бүтүрө албаган чийки мыйзамдарды кайра карап чыгып, элдин талабын аткарууга, элдин таламын талашууга салым кошуу. Эл арасында жүрүп элдин көйгөйлөрү менен жакындан таанышып, аларды чечкенге болгон күч-аракеттеримди жумшап элдин уулу болууга бел байладым. Арийне, элдин уулу болуу – чоң жоопкерчилик!